Мазмунга өтүү

Аялдардын тынчтык жана коопсуздук индекси

Википедия дан
Аялдардын тынчтык жана коопсуздук индекси 2023. Алдыңкы өлкөлөр

Аялдардын тынчтык жана коопсуздук индекси (англ. Women Peace and Security Index WPS) — 170 өлкөдөгү аялдардын абалын камтыйт. Аялдардын абалын Жоржтаун аялдар, тынчтык жана коопсуздук үчүн институту 13 категория боюнча — аялдардын коомдогу, эмгек рыногундагы ордун, саясаттагы абалын, социалдык коопсуздугун изилдейт.

Аялдар, тынчтык жана коопсуздук индекси үч багытка бөлүнгөн аялдардын статусунун 13 көрсөткүчүн камтыйт: инклюзия (экономикалык, социалдык, саясий); адилеттүүлүк (формалдуу жана формалдуу эмес басмырлоо); жана коопсуздук (жеке, топтук жана жамааттык деңгээлде).

Маалыматтар БУУнун агенттиктеринин отчетторунан алынган, Дүйнөлүк банк, Гэллоп борборунн сурамжылоолор ж.б[1].

2023/2024 жылдын рейтинги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнөлүк Аялдардын Тынчтык жана Коопсуздук Индекси (WPS Index) 2023-жылдагы чыгарылышында аялдардын катышуусу, адилеттүүлүгү жана коопсуздугу боюнча 177 өлкөнүн рейтинги коюлган.

WPS индекси боюнча Европадагы тогуз: Норвегия, Дания, Финляндия, Исландия, Швеция, Швейцария, Люксембург, Австрия, Нидерланды жана Жаңы Зеландия аялдар үчүн эң коопсуз, Түштүк Судан, Конго, Борбордук Африка Республикасы, Ооганстан, жана Йемен абдан кооптуу өлкө болду. Кыргызстан аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте 95-орунда[2][3]

Кыргызстандын рейтингдеги орду[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстан аялдар үчүн эң кооптуу өлкө бойдон калууда. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) 2024 жылы жарыяланган баяндамасына ылайык, Кыргызстан аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте 95-орунда.

Кыргызстан 2021-жылы да WPS индексинде 97-катарда болуп, Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган.

Баяндамада Кыргызстанда аялдардын бийликтеги орду 20% ашпай турганы, 13% аялдар жакын адамдары тарабынан зордук-зомбулукка кабылары жазылган.

Кыргызстандан бир тепкич өйдө Өзбекстан жайгашкан, Тажикстан 90-орунда. Казакстан 80-катарда. Ал эми Түркмөнстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн коопсуз деп саналган өлкө катары 58-орунду ээлеген[4]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://giwps.georgetown.edu/the-index/#:~:text=Get%20Involved-,Women%20Peace%20and%20Security%20Index,-The%202023%20edition Women Peace and Security Index]
  2. Women Peace and Security Index 2023/24.https://giwps.georgetown.edu/wp-content/uploads/2023/10/WPS-Index-full-report.pdf
  3. Women Peace and Security Index.https://giwps.georgetown.edu/the-index/
  4. WPS индекси: Кыргызстан — аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө. 30-октябрь 2023, Бишкек - 24.kg. https://24.kg/kyrgyzcha/278605_WPS_indeksi_kyirgyizstan_ayaldar_uchun_borbor_aziyadagyi_enkooptuu_olko/