Мазмунга өтүү

Жоржтаун аялдар, тынчтык жана коопсуздук үчүн институту

Википедия дан

Жоржтаун аялдар, тынчтык жана коопсуздук үчүн институту (англ. Georgetown Institute for Women, Peace and Security), кыскача ЖАТКИ (англ. GIWPS) — институтту АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жана Жоржтаун университетинин президенти Жон Ж. ДеЖойя негиздеген. Институттун максаты - дүйнө жүзү боюнча тынчтыкты жана коопсуздукту жана өнүгүп келе жаткан экономиканы чыңдоодо аялдардын ролун изилдөө жана көрсөтүү.

2013-жылдан бери Институт Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1325-резолюциясында айтылган мандатты улантып келет, анда “жаңжалдардын алдын алууда жана жөнгө салууда жана тынчтыкты орнотууда аялдардын маанилүү ролу” ырасталган жана “алардын тең катышуусунун жана тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо жана енуктуруу учун бардык куч-аракеттерге толук катышуу...».[1]

Аялдардын тынчтык жана коопсуздук индекси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жоржтаун аялдар, тынчтык жана коопсуздук үчүн институту мониторинг жүргүзүп жана "Аялдардын тынчтык жана коопсуздук индекси" деген баяндама жарыялайт. Бул индекс 170 өлкөдөгү аялдардын абалын камтыйт. 13 категория боюнча - аялдардын коомдогу, эмгек рыногундагы ордун, саясаттагы абалын, социалдык коопсуздугун изилдейт[2][3].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Cсылкалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]