Аялдар кыймылы

Википедия дан

Аялдар Кыймылы – агартуу доорунда боштондукка чыгаруу идеялары менен пайда болгон демократиялык кыймыл. 1791-ж. Француз жазуучусу Олимпия де Гужи жазган «Аялдар, гражданкалардын укугунун Декларациясы» – Аялдар кыймылынын биринчи идеялык манифести болуп саналат. Де Гужи аялдарды толук укуктуу граждандарга кошуп саноону талап кылган. Ошондуктан, де Гужи, анын колдоочулары, «феминизм» кыймылы деп аталып калган. ХХ к. 70-ж. неофеминисттик (нео-жаңы) кыймыл күчөйт. Алар укугун коргоп, аялдарды бийлик структурасына келүүсүн, патиархалдык мамилелердин калдыгын жоюуну талап кылуу күчөгөн. Азыркы Аялдар кыймылынын негизги максаты – эркек менен аялдын өз ара макулдашкан, тең укуктуу мамилеси.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9