Аялдын оорулары
Аялдын оорулары (гинекологиялык оорулар) - аялдарга мүнөздүү оорулардын түрлөрү.
Аялдын оорулары аялдардын дене түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болот. Кээ бир окумуштуулар бул ооруларды аялдардын жалаң гана жыныстык органдарындагы патологиялык өзгөрүүлөрдүн негизинде пайда болот деп эсептешет. Бул албетте туура эмес. Анткени айлана-чөйрө бут жан-жаныбарга кандай таасир тийгизсе, аялдардын организмине да ошондой эле таасир көрсөтөт. Аялдардын жыныс органдары нерв жана ички бездер менен тыгыз байланыштуу болгондуктан, алардын ооруга чалдыгуусу айлана-чөйрөнүн адамдардын бүт денесине тийгизген таасиринин зыяндуулугуна жараша болот. Мис, аялдардын жыныс органдарынын кээ бир оорулары алардын нерв системаларынын, канышын жана жүрөгүнүн оорушуна же жугуштуу башка ооруларга байланыштуу болот. Ошондуктан аялдардын жыныс органынын сферасынын физиологиясы менен патологиясын, анын бүт организми менен бирдикте жана жашоо шартына байланыштырып изилдөө азыркы. Аялдын оорулары жөнүндөгү илимдердин негизи болуп калды.
Аялдын оорулары жана алардын патологиялык процесси аялдардын жыныстык турмуш өткөрүшүнө байланыштуу. Аялдардын жыныстык жашоосу үч мезгилге бөлүнөт: бойго жете элек мезгил, бойго жеткен мезгил жана этек кир токтогон мезгил (менопауза). Ден соолугу жакшы аялдардын жыныс органдарында үч мезгилде тең ар түрдүү микробдор (спорофиттер) жашайт. Бул микробдор белгилүү бир шарттарда (организм башка оорулардан начарлаганда, кескин түрдө муздаганда, травмага учураганда ж. б.), аялдардын жыныс органдарын сезгентип, ооруларды пайда кылат. Айрыкча аялдардын жыныс органдарынын оорушу көбүнчө патогендик микробдордун (гонококк, стрептококк жана стафилококктордун) тийгизген таасиринен болот.
Аялдын ооруларынан башка дагы өзгөчө сезгенүү процесстери болот (мис, туберкулёз, котон жара). Аялдардын жыныс мүчөлөрүндө, өзгөчө жатынында шишиктер да кездешет. Айрым учурларда операциялык жол менен шишикти алып ташташат. Көбүнчө аны дарылоо жолу менен айыктырышат. Айыгып кетүүчү шишик пайда болгондо, аялдардын жыныс мүчөлөрүнүн функциясы көпкө чейин бузулбастан, боюна бүтүп төрөй бериши мүмкүн.
Аялдын ооруларынын профилактикасында аялдарды жыныстык жагынан тарбиялоо, алардын физкультура менен спортко үзгүлтүксүз катышуусу жана жыныстык жагынан нормалдуу жашоосу чоң роль ойнойт. Катуу ооруга чалдыккан учурда атайын дарылар (антибиотиктер) пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.