Аят (сүрөө)

Википедия дан

Аят (сүрөө) (арапча аят - керемет, укмуш) - Курандын касиеттүү «ырлары»; Курандын эң кичине, өз алдынча бөлүктөрү. Бир нече аят биригип, сүрөөнү (бапты) түзөт. Аятты мусулмандар кереметтүү ырлар деп аташат. Аят Куран 114 сүрөөдөн турат. Ал сүрөөлөр узундугу, көлөмү боюнча белгилүү бир тартип менен жайгашкан жана ар бир сүрөө аятка бөлүнөт. Эң узун сүрөөдө 286 аят бар. Аяттарда бир сөздөн 68 сөзгө чейин болушу мүмкүн. Куранда бардыгы 6204-6236 (ар кыл эсептөөлөр боюнча) аят, анда 77934 сөз бар. Араб ири дин уламаларынын ою боюнча, Курандын аят сүрөөлөрү кереметтүү күчкө, укмуштай купуя сырга ээ болгондуктан, аны башка тилге которуу болбойт деген табу кылымдар бою сакталып келген. Бирок, мусулман калкынын билим-маданият деңгээлинин жогорулашы, Куранга болгон кызыгуулардын натыйжасында жогорудагы табу өз күчүн жоготконсуду. Азыр Куран кыйла элдердин тилине которулуп, жарык көрүүдө. Кыргызчасы Эрнис Турсуновдун которуусунда жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1