Аңчылык айбанаттары

Википедия дан
Аңчылык (1910).

Аңчылык айбанаттары - кармап же атып алчу кайберен менен илбээсин. Алар этинен сырткары мамык жүн, мүйүз жана тери берет. Жашаган жерине жараша токой (токой чили, каракур, кереңкур жана башка), талаа же чөл (бозчил, бөдөнө, кыргоол, безбелдек, тоодак), саз (эчки маарак), суу (өрдөк, каз жана башка), тоо (улар, кекилик жана башка) илбээсиндерине, ошондой эле жашоо шартына жараша жергиликтүү жана келгин болуп айырмаланат. Аларга кайберендер (багыш, марал, тоо эчки, аркар-кулжа дагы ушул сыяктуу), коён, каман жана башкалар кирет. Аңчылык кылууга мамлекеттик органдар белгилүү мөөнөткө уруксат берет. Кээ бир сейрек аңчылык айбанаттарына (ак куу, каркыра, тоодак, кыргоол жана башка) атууга же кармоого убактылуу тыюу салынып, аларды көбөйтүү максатында атайын коруктар уюштурулган (мисалы, Сары-Челек, Ысык-Көл жана башка). Илбээсиндердин эти даамдуу жана сиңимдүү. Терисинен булгаары, жаргак жана башка даярдалса, мүйүзү көркөмдөөдө жана көркөм буюм жасоо үчүн колдонулат, ал эми чаарбугу менен маралдын кемирчек мүйүзүнөн пантокрин дары заты алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1