Кайберен

Википедия дан

Кайберен (кайп, кайып, кайып эрен) — 1) кепшөөчү жапайы жаныбарлардын (кийик, аркар жана башкалар) жалпы аты; 2) мифологияда ошол жаныбарлардын ээси, колдоочусу; 3) көзгө көрүнбөй кубулуп жүрүп адамдарды колдоочу кереметтүү күчтөр. "Манас" эпосунда аталган үч маанисинде тең колдонулат. К. арабдардын “кайп” — көзгө илешпөөчү, көрүнбөөчү жашыруун жана “яран” — жолдош, дос деген сөздөрүнөн турат. Бирок анын мифологиялык образы кыргыздар арабдар менен маданий байланыш жасаганга чейин алда качан мурун алардын тотемдик жана анимисттик көз караштарынын негизинде пайда болгон. "Манас" эпосунда кайыптардын образы татаал жана көп кырдуу. Көпчүлүк учурда кереметтүү кыздар Арууке, [[Айчүрөк]], Көкмончок, Куялылардын ата-энеси, эли-журту кайыптар болот. Мисалы, Аруукенин атасы кайыптын каны болот. Ал Байың деп аталып, якуттардын аңчылыктын кудайы менен аты уйкаш жана аткарган милдети окшош. Байың кулжа, кийик, бугу жана башкалар Кайберендерди башкарат. Кызы Арууке Алмамбетке турмушка чыкмак болуп үч көгүчкөндөн кабар бердиргенде 12 айры бугу минип, заматта эли-журту менен жетип келет. Манасчы кайып журтун “адамдардан анча өөдө, жин уруктан канча өөдө, Акка (Аллага, кудайга) жакын” кереметтүү күч катары мүнөздөйт (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 581инв., 202-б.). Байыңдын кызы Арууке менен “Кожожаш” эпосундагы Кайберендердин ээси жана энеси Суречкинин кызы Ашайрандын окшош жактары бар. Келтирилген мисалдардан көрүнгөндөй бул типтеги кайыптардын образы алгач энелик доордогу аңчылыкка байланыштуу пайда болгон. "Манас" эпосунда [[Айчүрөк]] да кайыптын кызы делет. Манасчылар “периден эмес кайыптан” деп Аруукенин тегин даана белгилешсе (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 581-инв., 202-б.), Акундун кызы Чүрөктүн перинин кызы деген да, кайыптын кызы деген да “эки таалай кеби бар” дешип, теги тайталаш экенин көрсөтүшөт. Кайыптын кыздары Арууке да, Айчүрөк да кереметтүү күчтөргө ээ. Арууке өзү каалагандай өңүн кубулта алат, ал бирде адамдар, бирде кайыптар менен жашай берет. Айчүрөк кереметтүү аял катары өз каалаганындай кубула алат (ак кууга, ак чабакка, ак булага); табиятка түздөн-түз таасир этет (Семетейдин Акшумкарын ала качканда жамгыр жаадырат, туман түшүрөт); ал кааласа өлгөн адамды тирилтет (Коңурбайдан жараланган Семетей өлгөнү жатканда үстүнөн үч аттап өтүп, анын жараатындагы окту түшүрүп айыктырат) же өлүмгө туш кылат (Семетей өлөр астында анын тилин албай Манастын күмбөзүнө тайынганы жөнөгөндө каргайт). Мунун баары энелик доор күч алып турган мезгилде жаралган — улуу кудай аял — табияттын улуу энесине таандык касиеттер. Бирок, ак куу кыз — Айчүрөктүн мифологиялык образы түпкүлүгүндө тотемизм мезгилиндеги көз карашка барып такалат, башкача айтканда Суречкинин тибиндеги мифологиялык образдын стадиялык өнүгүшүнүн жогорку чекке жеткен көрүнүшү. Түпкүлүгүнө тотемдик жаныбарларга барып такалуучу кайыптардын образы эволюциялык өнүгүшүндө өзүнө типологиялык образдар менен биригишип, жаңыча түскө ээ боло башташкан. Мисалы, Манас жоого киргенде сүр-айбат болуп кошо кирген укмуштуу жаныбарлар жөнүндө манасчы “Каршы алдынан көрүндү, Кара чаар жолборсу — Кайып эрен кырк чилтен Канкор эрдин жолдошу, Кырк чилтендин бирөөбү, Ажыдаар болуп сойлошуп” (Сагымбай Орозбаков, 2. 186),— деп сүрөттөйт. Баштагы тотемдик колдоочунун, түпкү бабанын ордун ээлей баштаган кайып эрен — кырк чилтен, алардын башчысы Кызыр Иляс элдик баатырларга кысталыш жерде жардам көрсөтөт, кайыбынан кезигип, курал-жарак, ат-тон менен жабдыйт. Аксакал думана кебетесинде келип жаңыдан туулган баатырга ат коёт, анын келечегин алдын ала айтат. Кайыптар байыркы формасында — зооморфтук жаныбар түрүндө да каарманга жардамга келет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көзкамандар тарабынан ууланып, өлүм алдында жаткан Манас өзүн издеп келген Сыргак, Серекке “Мени дагы чоролор, Бейсаадат бенде дебеңер, Жолборстон болоор жолдошум, коркпостон болоор колдошум. Жолборстон жолдош келүүчү, Жот дары алып берүүчү, Бөрүдөн бөлө келүүчү. Бөлөкчө дары берүүчү, Илбирстен ини келүүчү, Искеме дары берүүчү, Аюудан ага келүүчү, Ак дары казып берүүчү, Өлөт деп жүрсүң оюңар, Өкүнүчтү коюңар” (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1794-инв., 437-б.) — дейт. Эпостун аркы бөлүгүндө Манас айткан жаныбарлар келип, ал айыгат. Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Манасты кайыптар (бугулар) Жылаңач-Бугу тоосуна алып барып дарылашып, айыктырып элге кошот. Энеси Букарга ала качып баратканда, жолдо азык түгөнүп ачка калган балтыр бешик Семетейди К. Акмарал эмчегин эмизет. Кайыптар жеке адамдардын гана эмес, баатырдын курал-жарагынын, тулпар атынын да колдоочусу же жаратуучусу. Баатырлардын аттары көбүнчө “кайыптан бүткөн жаныбар” — деп сүрөттөлөт. Тайбуурулдун “энеси чөлдүн кайыбы” болот. Багыш Сазан уулунун вариантында Аккула да кайыптан туулат. “Асмандан түшкөн алты куч, Кайыптан кылыч табылган, Калкта болбойт мындай иш” (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 502-инв., 73-б.), — деп сүрөттөлгөндөй Манастын бир катар куралы кайыбынан табылат. “Кайыптан акыл табылып” — деген сүрөттөөлөргө караганда кайыптар кысталышта көзгө көрүнбөй келип, адамга акыл-кеңеш берүүчү болуп да саналат. Эпосто жердик адамдар, жан-жаныбар да кайыпка айланат. Элдик уламыш боюнча эпостун каармандары Бакай, Каныкей, Семетей, Күлчоро, Айчүрөк, ошондой эле Тайбуурул, Акшумкар, Кумайыктар өмүрүнүн акырында кайып болуп кетишет. Алар азыр да дүйнө кезип кыдырып, кайыбынан жолуккан адамдарга жардам көрсөтүшөт имиш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4