Баалуулуктарды банкта сактоо

Википедия дан

Баалуулуктарды банкта сактооКР жарандык мыйзамдары боюнча, сактоонун өзгөчө түрү. Банк баалуу кагаздарды, асыл металлдарды жана таштарды, башка асыл буюмдарды, анын ичинде документтерди сактоого кабыл ала алат. Баалуулуктарды банкта сактоо келишиминин түзүлгөндүгү буюм сактоочуга банк тарабынан берилүүчү аты жазылган өздүк сактоо документи менен ырасталат, аны көрсөтүү сакталып турган баалуулуктарды буюм сактоочуга берүүгө негиз болуп саналат. Баалуулуктарды банкта сактоо келишиминде кардарга банкта өзүнчө сейф (сейфтин көзүн, өзүнчө жайды) пайдаланууга берүү каралышы мүмкүн. Мындай келишим боюнча кардар баалуулуктарын сейфке өзү салат жана алат, бул үчүн ага сейфтин ачкычы, кардарды таанып-билүүгө мүмкүндүк берүүчү карточка, же кардардын сейфке жана анын ичиндегилерди алуу укугун ырастоочу башка белги же документ берилет. Банк кардарга берилген сейф турган жайга кирүүнү көзөмөлдөп турууга милдеттүү. Келишимде атайын каралбаган учурда банк, эгер келишимдин шарттары боюнча кардардын катышуусуз сейфти ачууга же жабууга мүмкүн эместигин, же болбосо ал жеткис күчтүн кесепетинен улам мүмкүн болгонун далилдей алса, сейфтин ичиндегилердин сакталбай калгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]