Баалуу кагаздар базары

Википедия дан

Баалуу кагаздар базарыбаалуу кагаздарды жүгүртүү жагдайы боюнча мамилелердин жыйындысы; каржылык базарлардын бири. Баалуу кагаздар базарын жөнгө салуу төмөнкүлөрдү болжолдойт: а) баалуу кагаздар базарынын эмитенттеринин, кесипкөй катышуучуларынын ишмердигине жана анын стандарттарына милдеттүү талаптарды аныктоо; б) эмиссиялык баалуу кагаздарды жана эмиссиялардын проспекттерин чыгарууну каттоо жана эмитенттердин андан каралган шарттарды жана милдеттенмелерди сакташын көзөмөлдөө; в) баалуу кагаздар базарынын кесипкөй катышуучуларынын ишмердиктерин лицензиялоо; г) ээлеринин укуктарын коргоо жана алардын укуктарын Б. к. б-нын эмитенттеринин жана кесипкөй катышуучуларынын сакташына көзөмөл тутумун түзүү; д) тийешелүү лицензиясы жок баалуу кагаздар базарында ишкердикти ишке ашыруучу адамдарга тыюу салуу жана ишине бөгөт коюу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]