Баалуу кагаздар рыногу

Википедия дан

Баалуу кагаздар рыногу Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногу дегенибиз мамлекеттик баалуу кагаздар рыногу, корпоративдик баалуу кагаздар рыногу жана туунду баалуу кагаздар рыногу болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик баалуу кагаздар рыногу финансы рыногунун өтө динамикалуу өнүгүп келаткан сегменттеринин бири. Ал 1993-жылдан баштап иштеди. Корпоративдик баалуу кагаздардын рыногуна келсек, анда ал республикада түйүлдүк түрүндө турат жана баалуу кагаздар менен операциялардын солгундугу финансы жагынан кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатат. Фонд биржасынын иштеп жатышынын учурунда операциялар эмитенттердин чектелүү чөйрөсү менен жүргүзүлдү. Баалуу кагаздардын саны боюнча алардын өсүшү байкалууда.

Фонд биржасындагы кризистик жагдай республиканын экономикалык абалынын чагылдырылышы болуп эсептелет. Көп көрүнүктүү ишканалардын акциялары мурдагы жогорку ставкалардан жана инфляциядан улам инвесторлор үчүн кызыктыраарлык эмес болуп эсептелет. КФБнын кызматкерлеринин баасы боюнча бир аз кечирээк, 5-7 жылдан кийин баалуу кагаздар менен соода кылуунун жанданышы жана өнүгүшү болуп өтөт. Ага чейин калктын бош акча каражаттарын толук фонд рыногу аркылуу инвестициялык процесске тартуу мүмкүн эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9