Баатыр Срым

Википедия дан

Баатыр Срым, Срым Датов (т. ж. белгисиз - 1802-ж. ченде ө. ) - казактын Байбакты уруусунан чыккан чоң бий. Жер маселесинин татаал-дашынан жана феод., колон, эзүү-дөн, султандардын зордук-зомбулугунан улам Кичи Жүздө чыккан көтөрүлүштү башкарган.

Көтөрүлүштүн негизги күчү дыйкандар болгон. Ага хан жана султандардан ыдык көргөн патриарх. -уруу ак сөөктөрү_да катышкан. Дыйкандар хан бийлигин жоюу үчүн күрөшүшсө, алар хандын бийлигин чектөөнү гана талап кылышкан. Падыша өкмөтү көтөрүлүшчүлөрдүн талабына көнүп, 1786-ж. хан Нуралыны бийликтен четтеткени менен, 1792-ж. Кичи Жүздө кайрадан хан бийлигин калыбына келтирген. Бул кыймылдын жаңыдан жогорулашын пайда кылган. Бирок бул учурда бийлердин көбү кыймылга катышпай калышат. Ушундан улам Баатыр Срым өз алдынча күрөшө баштайт. Көтөрүлүшчүлөр 1797-ж. Кичи Жүздүн ханы Есимди өлтүрүшөт. Падыша өкмөтү буга жооп кылып көтөрүлүшчүлөрдү жазалоону уюштурат, амал кылып, Кичи Жүздө ханы жок хан кеңешин түзөт. Бул султандардын, бийлердин, старчындардын кызыкчылыктарына туура келгендиктен, алар ич ара биригишти күрөшүп жаткан эл масса-сына каршы чыгышат.

Мына ушул жагдайга байланыштуу Баатыр Срым күрөштү аягына чейин улантпай, 1797-ж. 29-августта хан кеңешинин жыйынына келип, күрөшүн токтоткондугун билдирген. Ал хан кеңешинин составына киргизилген. Бирок султандардын аңдуусунда калган Баатыр Срым 1797-жылдын аягында Хивага качып кетүүгө мажбур болгон. Баатыр Срымдын андан кийинки тагдыры белгисиз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.