Бабаев Белек

Википедия дан

Бабаев Белек (1916, Суусамыр өрөөнү - 28. 9. 1976, Чаек кыштагы) - партиялык жана советтик ишмер.

Бишкек педагогикалык окуу жайын (1956) жана республикалык партиялык мектепти бүтүргөн. 1936-38-жылдары Украинанын Кассовск районунда мектеп директору болуп иштеген. 1939-46-жылдары Улуу Ата Мекендик жана ак финдер менен болгон согуштарга катышкан.

194650-жылдары Жумгал райондук партия комитетинин пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы, Тогуз-Торо райондук партия комитетинин 2-катчысы, 1951-60-жылдары эмгекчилер депутаттарынын Тогуз-Торо, Кочкор жана Ат-Башы райондук кеңешинин аткаруу комитеттеринин төрагасы, 1960-61-жылдары АтБашы райондук партия комитетинин 1-катчысы, 1961-73-жылдары Кочкор районунун «Коммунизм» совхозунун директору, Жумгал райондук турмуш-тиричилик жактан кызмат көрсөтүү комбинатынын директору, «Жумгал» жана «Кызарт» совхоздорунун партиялык комитеттеринин катчысы болуп иштеген (197376).

Ал II даражадагы «Ата Мекендик согуш», Эмгек Кызыл Туу жана «Ардак Белгиси» ордендери, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары жана медалдар менен сыйланган. Чал уруусунан

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9