Бабектин көтөрүлүшү

Википедия дан

Бабектин көтөрүлүшү - Бабек-тин жетекчилиги менен 816-837-ж. чамасында Азербайжанда жана Батыш Иранда арабдар менен феодалдардын эзүүсунө каршы чыккан антифеод. элдик ири көтөрүлүш.

Бабектин көтөрүлүшүнүн негизги күчү дыйкандар менен кол өнөрчүлөр болгон. Аларга халифаттын эзүүсүнөн жапа чеккен майда жер ээлери да кошулган. Көтөрүлүшкө катышкандардын саны 300 миң кишиге жеткен. Көтөрүлүшчүлөр арабдарды гарнизондордон кубалап чыгышып, Азербайжанды жана Ирандын айрым жерлерин ээлешкен; көтөрүлүш Чыгыш Арменияда да болгон. Араб халифаты Византия менен согушуп, Египетте көтөрүлүш (830-833) чыгышынан алаксып, Бабектин көтөрүлүшүн убактылуу тим койгон. 833-ж. Византия менен тынчтык келишимин түзгөн соң, халиф Мутасим бардык күчүн Бабектин көтөрүлүшүн басууга жумшайт. Хамадан шаарынын жанында көтөрүлүшчүлөргө катуу сокку урулуп (833-ж. ), айыгышкан күрөш 837-ж. күзүндө басылган. Бабектин көтөрүлүшү араб халифатын начарлатып, анын кулатын тездеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.