Бабид көтөрүлүштөрү

Википедия дан

Бабид көтөрүлүштөрү - феодалдык түзүлүшкө жана өлкөнүн чет элдик капиталга жем болушуна каршы Иран-да чыккан элдик көтөрүлүштөр (1848-52).

Көтөрүлүш чыгаргандар негизинен дыйкандар, кол өнөрчүлөр, шаар кембагалдары, майда соодагерлер болсо да, башчылык кылгандар бабид сектасындагы молдолор жана соодагерлер болгон. Натыйжада Бабид көтөрүлүштөрү диний мүнөз алган. Биринчи көтөрүлүш 1848-жылдын сентябрынан 1849-жылдын майына чейин Мазендеранда болгон. Көтөрүлүшчүлөр адамдардын теңдигин жана мүлктүн ор-толугун киришебиз деп аракеттенишкен.

Көтөрүлүштү шахтага аскерлери басып салган. Экинчи Зенджан көтөрүлүшү (1850-ж. июнь-декабрь ) алда канча уюмдашкан жана айыгышкан мүнөздө чыккан. Ага аялдар да активдүү катышкан. Көтөрүлүш ырайымсыздык менен басылган. Үчүнчү көтөрүлүш 1850-ж. июнда Нейризде башталып, бир нече күндүн ичинде эле жеңилип калган. Бара-бара террордук жолго түшкөн бабидчилер 1852-жылы бүтүндөй кырылууга кириптер болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.