Мазмунга өтүү

Баграмян Иван Христофорович

Википедия дан

Баграмян Иван Христофорович (20. 11(2. 12). 1897-ж. т., Азерб. ССРи, Кировабад) - Советтик Союз. Маршалы (1955), Советтик Союздун Баатыры (1944).

1941-жылдан КПССтин мүчөсү. Улуту - армян. Темир жолчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1915-жылдан армияда. Прапорщиктер мектебин бүтүргөн (1917). 1920-ж. Кызыл Армияга ыктыярдуу кирип, Жарандык согушка катышкан. Комсоставдын билимин көгөрүүчү атчан аскерлер курсун (1925), М. В. Фрунзе атындагы Аскердик академияны (1930), Генералдык штабдын академиясын (1938) бүтүргөн. 1940-жылдан баштап армия жана округдун оперативдүү тооторунун начальниги, Улуу Ата Мекендик согушта Түштүк -батыш фронт штабынын оперативдүү бөлүмүнүн начальниги. 1-Балтика бою фронтунун (1943), З-Белорус фронтунун командачысы (1945). Курск дуга-сына, Белоруссияны, Балтика боюн, Чыгыш Пруссияны жана Кенигсберг чебин алууга катышкан. Согуштан кийин Б. Балтика аскер округунун командачысы, СССР коргоо министринин орун басары (1956-58) жана ген. инспектору. 1961-жылдан КПСС БКнын мүчөсү.

СССР Жогорку Советинин 2-9-шайл. депутаты 5 Ленин ордени, Октябрь Революциясы, 3 Кызыл Туу, Гдараж. Суворов ордени, 1-дараж. Кутузов ордени, Польша, Монголиянын ордендери жана көп медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.