Багыттар талаасы

Википедия дан

Багыттар талаасы - хОу тегиздигинде жаткан жана ар бирине белгилүү багыт туура келген чекиттердин тобу. у' = f(х, у) (1) дифференциалдык теңдемеси берилип, f(х, у)ЄD облусунда аныкталса, анда каалагандай (х0, у0) ЄD чекитине толук белгилүү к = f(х0, у0) бурчтук коэффициенттери туура келгендиктен, ал чекит аркылуу өтүүчү интегралдык ийри сызыктын жанымасы ошол багытка дал келет. Багыттар талаасы интегралдык ийри сызыктарды жакындаштырып, график түрүндө тургузууга мүмкүндүк берет. Демек берилген дифференциалдык теңдеме багыттар талаасын аныктайт. Тескерпспнче хОу тегиздигинин кандайдыр D облусунда жетиштүү жыштыкта багыттар талаасы берилсе, ал жогорудагы белгилүү теңдемени мүнөздөйт. Дифференциалдык теңдемени чыгаруунун бир жолу изоклиндер ыкмасы деп аталат. Мис., у' = у/х теңдеменин биринчи интегралы ах+ bу = 0 (мында, а, b ар кандай турактуу сандар) түз сызыктарынын түркүмү болот. (0;0) чекитинде теңдеме маанисин жоготот. Ошондуктан анын багыттар талаасы координата башталмасынан чыккан жарым түз сызыктар болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]