Бадан

Википедия дан

Бадан (Вегдеша) өсүмдүктөрдүн ташжаргычтар тукумунун уруусу. Сабагы кыска, тамыры жоон, көп жылдык өсүмдүк. Түбүнөн жалбырактайт, жалбырагы чоң, кабыктуу, гүлү кызыл же ак. 10 түрү бар, көбүнчө Борбору жана Чыгыш Азиядакездешет. КМШ өлкөлөрүндө 4 түрү өсөт. Чыгыш Сибирь, Түндүк Монголияда калың жалбырактуу бадан коюу чыгат. Эзелтен бери кооздук үчүн өстүрүлөт. Дары-дармек жана техникалык (боёк) өсүмдүк катары да мааниси чоң. Андан танин, арбутин жана башка алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]