Баден мектеби

Википедия дан

Баден мектеби – 20-кылымдын неокантианчылык тармагындагы субъективдүү-идеалисттик багыттарынын бири. Баден мектебинин идеяларын Вендельбанд жана Риккерт Баден жергесиндеги Гейдельберг жана Фербург шаарларындагы университеттерге таратышкан. Баден мектебинин негизги идеясы тарыхый методду табият таануу илимине каршы коюу. Баден мектеби боюнча – тарых индивидуалдуу өнүгүүнүн акыйкаттары жөнүндөгү илим жана маданий байлык болуп эсептелет. Ал эми табият жөнүндөгү илим- жаратылыштын жалпы мыйзамдарынын кайталануусу жөнүндөгү окуу. Баден мектеби Канттын болмушту сөзсүз түрдө акыйкаттуулукка карама-каршы салыштыруу идеясына таянат. Бул идеяларды Г. Мюнстенберг (1863–1916), Э. Ласк (1875–1915), эстетикага караштуу – И. Кон (1869–1947), социологияда М. Вебер сыяктуу философтор өнүктүрүшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]