Бадыраң

Википедия дан

Бадыраң - (лат. Cucumis sativus) ашкабактар тукумундагы бир же көп жылдык чөп өсүмдүк. Өзөк тамырлуу (1 мдей), сабагы (1-2 м) жерге төшөлүп же оролуп өсөт. Жалбырагы жазы, беш бурчтуу, учтуу; кезектешип жайгашат. Гүлү коңгуроо сымал, өңү сары. Негизинен бир үйлүү, айрым ;жыныстуу өсүмдүк. Мөмөсү сүйрү, көп (100-400) уруктуу. Анын 30дай түрү негизинен Африкада, айрым түрү Азияда кезигет. Ал жарык, нымдуу, жылуу жерде жакшы өсөт. Эгилме бадыраң Индиядан таралган. Бардык жерде өстүрүлөт. Жаңы кезинде, туздалган, маринаддалган түрдө желет. Курамында суу, кургак зат, андан ичкери кант, белок, май, клетчатка, С, В2 витаминдери, органикалык к-та, эфир майы жана башка болот. Жылытылмада (теплицада) да өстүрүлөт. Кыргында Түшүмдүү-86, Назик, Берешен-118, Жеңүүчү жана башка сорттору эгилет. Зыянкечтери: бадыраң желелеме кенеси, бадыраң бити. Илдеттери: бактериоз, чаңгыл кебер, ак чирик, антракноз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]