Мазмунга өтүү

Бажы жыйымдарынын туруктары

Википедия дан

Бажы жыйымдарынын туруктарыбажы чек-арасынан алынып өтүлгөн товардын бажылык наркына карата белгилүү бир өлчөмдө белгиленүүчү, улуттук же чет өлкөлүк валютадагы акчалай суммалар. Бажы жыйымдарынын туруктары бирдиктүү болот жана мыйзамдын өзүндө каралган учурлардан башка жагдайларда өзгөртүүгө жатпайт. Бажы жыйымдарынын туруктары мыйзам менен белгиленет жана анда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде өзгөрүүгө учурабайт. КРде бажы жыйымдарынын туруктарынын төмөндөгү түрлөрү колдонулат: төлөм коюлуучу товардын бажылык наркына карата пайыз менен эсептелүүчү адвалордук туруктар; төлөм коюлуучу товарлардын бирдиги үчүн белгиленген өлчөмдө эсептелүүчү атайын туруктар; аталган эки түрдү айкалыштырган аралаш туруктар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]