Бажы көзөмөлүнүн аймагы

Википедия дан

Бажы көзөмөлүнүн аймагы – адамдардын, товардын, унаа каражаттарынын ары-бери өтүүсүнө бажы көзөмөлү жүргүзүлүүчү, ошондой эле өндүрүш ж. б. коммерциялык иштер жасалуучу (бажы органдары тарабынан белгиленген) өзгөчө тартип орнотулган КР бажы аймагынын атайын бөлүнгөн жана белгиленген бөлүгү. КР бажы чек-арасына чукул жайгашкан аймак: мамлекеттик чек-арадан өткөрүү жайларында; эркин экономикалык аймактын эркин экономикалык бажы чегиндеги же бажы көзөмөлүндө турган буюм-заттарды сактай турган уюмдардын кампаларын, КР бажы жайларында, ошондой эле Б. к. а. Эл-аралык аэробекеттерде жайгашкан бажы кампаларынын аймагында, убактылуу сактоо кампаларынын аймагында, алымсыз соода дүкөндөрүнүн аймагында да жайгаштырылат. Бажы көзөмөлүнүн аймагы КР чек-ара тилкесинен ичкери карай 30 чакырымга чейин узата кетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]