Бажы саясаты

Википедия дан

Бажы саясатыбажы тутуму аркылуу жүргүзүлүүчү тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү чаралар менен багыттардын топтому. Белгилүү экономикалык, социалдык, каржылык, соода-саясаттык максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик органдардын бажы алымдары менен бажы жыйымдарын, ошондой эле бажы жол-жоболорун, дагы башка каражаттарды колдонуу боюнча иши Б. с-на кирет. Б. с-н ишке ашыруунун негизги каражаттары: бажылык жөнгө салуунун экономикалык жабдыктарынын тутуму; бажы бирликтерине, эркин соода аймактарына, бажы конвенцияларына (макулдашууларына) катышуу; жүктөрдүн чек-ара аркылуу өтүү тартиби; бажы көзөмөлүнүн мамлекеттик органдарынын тармагы; бажы иштеринин зарыл мыйзам ченемдери. КРде КР ички жана тышкы саясатынын курамдык бөлүгү болуп саналган бирдиктүү Б. с. жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]