Базар экономикасы

Википедия дан

Базар экономикасы - товар-акча катыштарына, менчиктин ар кыл формаларына, өндүрүп-чыгаруулардын жана жарандардын эркин атаандаштыгына негизделген улуттук экономиканын уюштуруу тутуму.

Анын алкагында төмөндөгүдөй негизги базарлар калыптанат: товарлар жана тейлөө иштери; эмгек, финансылык ресурстар; жерди пайдалануу. Мамлекеттик жөнгө салуу даражасы боюнча базар модели, либералдык модель жана социалдык нукка багытталган модель (экономиканын өнүгүшүнө мамлекеттин бир кыйла кийлигишүүсү менен) болуп ажыратылат. Варианттардын кыйла көптүгүнө жана өзүнчө мүнөздүүлүгүнө карабастан, азыркы кездеги Базар экономикасынын башкы принциптери катары анын көп кырдуулугу, мамлекеттин активдүү кийлигишүүсү, экономикалык өсүштүн негизи катарында жогору өнүккөн технологияны пайдалануу болуп саналат. Базар тутумунда ишкердиктин эркиндиги, кесипти жана керектөөнү тандоо мүмкүнчүлүгү иш-аракетте болот. Тандоонун негизине ишкерлердин жана керектөөчүлөрдүн экономикалык кызыкчылыктары кирет. Ишкерлер пайда табууну колдон келишинче арбытууга, керектөөчүлөр болсо зарыл товарларды көбүрөөк чыгарып жана тейлөө иштерин жакшыртуу аркылуу пайда алууну оптималдаштырууга умтулушат. Кызыкчылыктардын келип чыгышы, атаандаштыктардын күчөшү, базар алкагындагы карым-катнаштардын калыптануусу аркылуу байкалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8