Баимбетова Бүсалима

Википедия дан

Баимбетова Бүсалима 1924-жылы Жалал-Абад облусундагы азыркы Сузак районунун, Октябрь кыштагында туулган.

  • 1931- жылы Багыш башталгыч мектебине кирип, аны 1938- жылы бүткөн.
  • Ошол эле жылы Жалал-Абад шаарындагы педогогикалык окуу жайына тапшырып, бүткөндөн кийин, Дзержинский балдар үйүндө көп жылдар мугалим болуп эмгектенген.Андан кийин, колхоздун китепканасында 1955- жылга чейин иштеген.
  • 1955-1960 жылдары сельсоветтин төрайымы болуп эмгектенип, кыштактын социалдык абалын оңдоодо чоң эмгек өтөгөн.
  • Дружба совхозу уюшулганда, тамекичилик боюнча бригадир болуп көп жылы иштеген.1977-жылы көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып, Эмгектин ардагери медалы менен сыйланып, ардактуу эс алууга чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3