Байбиче-Тоо

Википедия дан
Байбиче-Тоо

Байбиче-ТооИчки Теңир-Тоодогу Кара-Тоонун уландысы болгон тоо кыркасы. Орто Нарын жана Атбашы өрөөндөрүн бөлүп турат. Узундугу 140 км, туурасы 13 км. Орточо бийиктиги 3890 м, эң бийик жери 4337 м. Палеозойдун акиташ, сланец жана гранит тектеринен турат.

Түзүлүшү боюнча горст-антиклиналь. Чыгыш тарабы кууш коктулуу. Тоону кесип өткөн антецедент капчыгайлары (Карабук, Актал, Учкун, Терек) бар. Кыры тайпак, мөңгү жок. түндүк-чыгыш капталдарынын айрым жерлеринде токой (карагай, бадал), колотторунда субальп өсүмдүктөрү (3100–3300 м), түштүк күнөстүү беттеринде бетеге, шыбак, доңуз сырты өсөт. Малга жайлуу. Байбиче-Тоо аркылуу Баетов кыштагынан Орто-Сыртка авто жолу өтөт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]