Байбуура уулу Токтосун

Википедия дан

Байбуура уулу Токтосун (1908—1975) - Агартуучу, мугалим, Эл агартуунун отличниги, Кыргыз ССРнин эмгек синирген мугалими, жазуучу, Семетейчи.

Байбуура уулу Токтосун 1908-жылы азыркы Тянь-Шань районунун Эмгекчил айылында, (мурунку Мазар айылдык кеңешинде) туулган.

Токтосундун атасы Байбура орто бойлуудан узунураак келген, кой көз ак жуумал келген, манап киши болгон экен. Бир жак бутуна сылтып басып, таякчан. Адегенде Чет-Нурада болушуп, кийин Мазарга көчүп келишет. Байбуранын эшигинен мал үзүлбөптүр. Байбурадан жалгыз бала Токтосун энесине окшош көзү көк, маңдайы жазы, атасынан узунуураак болгон экен. Жалгыз бала эркерээк болсо дагы, Байбура баласынын келечегин ойлоп, адегенде Мазардын оозундагы мечиттен арабча, андан кийин мектепке берип латынча окуткан. Зээндүү бала, араб арибин, латын кийин орус тамгаларын өздөштүрө алган. 1920-жылы айылда мектеп ачылып, Токтосун Нарындан төртүнчү классты аяктап эле, Алма-Атадан келген казак тилиндеги «Казак-Абдывалиев окуу китеби» деген китеп менен балдарга сабак бере баштайт. 1925-жылы башталгыч мектепти аяктап, Он-Арча болушунун алдында эки айлык саясый окуудан өтөт. Аны бүткөндөн кийин, 1926-1928-жылдары сабатсыздыкты жоюу боюнча мугалим болуп иштейт. Сабатсыздыкты жоюу боюнча сабактарын Айылда Кырка-Тамда, "Садырдын мечитинде" жүргүзгөн экен. Ал учурда элдин сабатсыздыгын жоюу саясаты алдынкы катарга коюлган эле. Токтосун сабатсыздыкты жойдурууга эмгек кылган Нарын өрөөнүндөгү алгачкы агартуучу адамдардын бири болгон.

Алгач мугалим болуп көп жерлерде иштеди: Ленинчил-Жашта, Орто-Сазда, Алышта, Казан-Куйганда, Кара-Чийде анан Эмгекчилге кайтып келген. 1928-жылы мугалимдерди даярдоо курсун бүтүрүп, мектепке мугалим болуп иштей баштайт. Ошондон тартып, Байбураев Токтосун өмүрүнүн 45 жылын үзгүлтүксүз мугалимдик кесипке арнаган.

1930-жылы Эмгекчил кыштагында башталгыч мектеп курулуп, иштей баштайт. 1937-жылы Эмгекчил мектеби 7 жылдык мектепке айландырылат. 1941-1945 жылдары Ата Мекендик согуш жылдарында жана андан кийин көп жылдар бою мектеп директорунун кызматын аркалайт.

Токтосун сабактын баардык түрүнөн бере алган. Тарыхбы, географиябы же башкасы болобу, Токтосун сабакты ушунчалык берилүү менен жакшы түшүндүрө алган. Ал айылдын балдары кимиси канча жашта экендигин, качан окуурун билчү экен, «Сен быйыл окуйсун, атка учкаш» деп балдарды атына учкаштырып барып эле класска отругузуп койчу дешет.

Байбуура уулу Токтосун жеке эле педагогикалык кесип менен алектенбестен ал жазуучулук өнөрү менен да таанымал болгон. Алсак, ал «Чил жалгыз» поэмасынын, «Долон мерген», «Марике», «Акылдуу Аблес» жомокторунун автору (Кол жазмалар фондусу, 507-инв. (306 барак)). Ошондой эле анын Кыргыз тилин окутуу методикаларынын иштелип чыгышына кошкон салымы зор. Ал 1954-жылы тил илимдеринин кандитаты Ж. Муканбаев менен бирдикте 2-класстын “Эне тили”окуу китебин иштеп чыккан. Бул окуу китеби менен башталгыч класстын мектеп окуучулары дээрлик Советтер союзу тараар жылдарга чейин эне-тилин окуп үйрөнүштү. Токтосун Семетейчи да болгон. "Манас" эпосунун "Семетей" бөлүгүнөн "Семетейдин Айчүрөктү издеп Үргөнчтү кечиши", "Семетейдин Үргөнчтү кечип, Айчүрөккө жолугушу" үзүндүлөрүн айткан. Андан 1808 сап ыр жазылып алынган. Т. Байбуура уулу айткан үзүндү Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Кол жазмаларды сактоо жана жарыялоо бөлүмүндө сакталып турат (Кол жазмалар фондусу, 261-инв.).

Токтосун саяпкерлике да кызыккан адам болгон дешет, анын тору жоргосу убагында чөлкөмдөгү алдыңкы жорголордон болгон экен.

Сыйлыктары:

- 1962-жылы ноябрь айында Кыргыз ССР агартуу министрилиги тарабынан «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси менен сыйланган;

- 1967-жылы 23-декабрда №3640 токтомдун негизинде СССР дин эл чарбасындагы ийгиликтери үчүн СССР дин эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн башкы комитетинин чечими менен Алтын медаль менен сыйланган;

- 1964-жылы 8-февралда №890 токтом менен «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими» деген наам берилген;

- 1974-жылы мартта Көп жылдык ак ниетүү эмгеги үчүн СССР Жогорку Советинин Президиумунун атынан, Нарын облустук советинин агартуу комитетинин чечими менен Ардак медалы менен сыйланган;

- 1970-жылы 31-мартта «Владимир Ильич Лениндин туулган күнүнүн 100-жылдыгынын урматына карата» каарман эмгеги үчүн СССР Жогорку Советинин Президиумунун атынан юбилейлик медаль менен сыйланган;

- Агартуу майданында талыкпаган үзүрлүү эмгеги үчүн «Ардак белгиси» ордени, «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы жана бир нече грамоталар менен сыйланган.

Байбуура уулу Токтосун 1975-жылы 24-мартта 67 жаш курагында каза болгон.

Токтосун агай колунан келген жардамын адамдан аябаган, бирөөгө орой мамиле жасап жаман айтпаган жөнөкөй адам эле. Ошондуктан аны окуучулары, жакындары чексиз сүйүүчү. 1998-жылдын 1-мартында анын көп жылдык билим берүүдөгү үзүрлүү эмгеги бааланып, өзу туулуп өскөн Нарын районунун куттуу Эмгекчил айылындагы орто мектепке Токтосун Байбураевдин ысымы ыйгарылган.

Токтосун Байбураев Исраилова Жумакан апабыз менен баш кошуп, алты эркек, эки кыздуу болушкан.Токтосун Байбураевдин урпактарынан 38 небереси, 162 чөбөрөсү, 15 кыбырасы бар.

Тун баласы Токтосун уулу Бегалы (1933-1979-жж.) атасынын мугалимдик кесибин улантып, аталган мектепте музыка мугалими болуп эмгектенген. Жубайы Жумалиева Нурбүбү менен биргеликте өмүр сүрүп, жети баланы тарбиялап өстүрүштү.

Токтосун уулу Акималы (1935-2022-жж.) энергетика тармагында көп жыл эмгектенген. Жубайы Усупова Мария менен биргеликте өмүр сүрүп, эки баланын ата энеси.

Токтосун уулу Нураалы (1936-2005-жж.) айыл чарба иштери менен алектенип, айыл чарба транспортун айдап эмгектенген. Жубайы Абакирова Гүлбарчын менен биргеликте өмүр сүрүп, 6 балалуу болушкан.

Токтосун кызы Гүлүш (1938-ж-1981-ж) Ысык-Көл облусуна турмушка чыгып, жолдошу Жунушов Көкө менен биргеликте өмүр сүрүп, 6 балалуу болушту.

Токтосун кызы Бурулкан (1940-жж.) Нарын облусунун Нарын районуна турмушка чыгып, көп жыл бою дүкөнчү болуп эмгектенген. Жолдошу Абдылдаев Турганбек менен биргеликте өмүр сүрүп, 8 балалуу болушкан.

Токтосун уулу Шаршеналы 1945-жылы туулган, ала да ата жолун улантып, педагог кесибин аркалады. жубайы Абдрахманова Бермет экөө мектепте чийүү, сүрөт, биология предметтеринен сабак берип эмгектеништи, аталган мектепке жубайы Абдрахманова Бермет директорлук кесипти да аркалап иштеген. Кийин Казан-Куйган айылында Оттук орто мектебине которулуп, ошол жакта эмгек жолун улантышкан. Бирге өмүр сүрүп, 6 баланы тарбиялап, өстүрүштү.

Токтосун уулу Турдалы (1947-2020-жж.) инженер-механик болуп көп жерлерде иштеп үзүрлүү эмгектенген. Жубайы Орозакунова Клара менен биргеликте өмүр сүрүп, 4 баланын ата-энеси.

Токтосун уулу Шераалы (1949-2008-жж.) Бишкек шаарында Ленин заводдунда токарь болуп иштеген.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
  • "Кыз-Мазар-Эмгекчил айылынын таржымалы. Нарын: Оболбек Мамытов 2015-ж