Байгазы мөңгүсү

Википедия дан

Байгазы мөңгүсуБорбордук Теңир-Тоодогу татаал-өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 4,3 км, аянты 4,4 км2. Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Ашуутөр суусунун (Сары-Жаз суусу алабы) төрүндө жайгашкан. Башы деңиз деңгээлинен 4380 м, этеги 3660 м. бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4050 м. Абляция облусунун аянты 2,0 км2. Мөңгүдөн Байгазы суусу башталып, Ашуутөр суусуна куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]