Байдөөлөтов Наркул Сатыбалдиевич

Википедия дан

Байдөөлөтов Наркул Сатыбалдиевич (20.12.1968-ж.т., Жаңы-Базар айылы) - аскер кызматкери, полковник.

Д.Асанов атындагы аскер лицейин (1986), Алматы Жогорку аскердик окуу жайын (1990), Казак Республикасынын аскер академиясын (2000), Россия Федерациясынын куралдуу кучтөрүнүн Генералдык штабынын академиясын (2009) бүткөн.

1990-98 жылдары Ош жана Майлуу-Суу шаарларында взвод командири, аскер бөлүгүнүн штаб башчысы, 2000-2007 жылдары Кыргызстандын төрт чегара отряддарында саркер болуп иштеген.

2009-жылдан чек ара кызматынын күжүрмөн даярдык башкармалыгынын башчысы, кесипкөйлүктү жогорулатуу борборунун башчысы, түндүк аймагы боюнча чек ара башкармалыгынын башчысы, чек ара аскерлеринин кол башчысынын орун басары, Чүй облусу боюнча чек-ара башкармалыгынын башчысы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6