Байдөөлөтов Сатыбалды

Википедия дан

Байдөөлөтов Сатыбалды (25.3.1926-ж.т., Каныш-Кыя айылы - 1989, Ала-Бука айылы) - коомдук жана саясий ишмер.

Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин алдындагы партиялык мектепти бүткөн (1956). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1944-45), Советтик Армиянын катарында кызмат өтегөн (1946-50).

  • 1951-53-жылдары Чаткал райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы,
  • 1956-62-жылдары партиянын Ала-Бука райондук комитетинде жетекчилик кызматтарда,
  • 1962-69-жылдары “Чаткал” совхозунун партиялык комитетинин катчысы,
  • 1969-73-жылдары Ала-Бука райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы,
  • 1973-80-жылдары партиянын Ала-Бука райондук комитетинин 2-катчысы,
  • 1979-83-жылдары Чаткал райондук элдик контролдоо комитетинин төрагасы,
  • 1983-жылдан Ала-Бука райондук мамлекеттик камсыздоо инспекциясынын жетекчиси болуп иштеген.

I дара-жадагы “Ата Мекендик Согуш”, «Данк» ордени, 7 медаль, Кыргыз ССР Жогорку Советинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган. Ысмы Каныш-Кыя айылындагы орто мектепке берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6