Байзак баатыр, Тооке уулу

Википедия дан

Байзак баатыр. Кең Жумгалдан чыккан айтылуу Байзак баатыр тууралуу эл арасында көп аңыздар айтылып жүрөт. Бул инсанды Байзак ажы деп да айтышат. Анткени, кийин улгайган кезинде ажыга барып келген экен. Интернеттен карасам, бул инсан тууралуу дээрлик эч нерсе жок экен. Ал эми бул кишинин кыргыз эли үчүн кылган кызматы ат көтөргүс болгон. Байзактын ысмы, Шабдандын ысмы менен тыгыз байланышта. Эгер ошолор тууралуу интернетке, кыргыз Уикипедиясына макала жайгаштырып коё албасак, анда биздин эмнебиз киши? Бул инсан тууралуу чыккан китептер, макалалар бар. Ошолорду электрондук вариантка өткөрүп, сүрөттөрүн таап же тарттырып туруп анан Уикиге жайгаштырмакчы болдум.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

БАЙЗАК Тооке уулу, Байзак ажы (1827, Жумгалдын кептеши Эмел айылы - 7.09.1914, Жумгал өрөөнү, Кара-Ой же болбосо кайырма деген деген жер - чекир саяк уруусунун кулжыгач уругунан чыккан атак-данкы төрт дубанга кеткен инсан. Эл арасында Байзак баатырдын кара кылды как жарган калыстыгы, ак ниет, аксанатайлыгы, кеменгерлиги, кенендиги, жөнөкөйлүгү, эл үчүн жан аябай каруусун казык, кара башын токмок кылып аткарган иштери тууралуу ушул күнгө чейин айтылып келе жатат.
Ал кыргыз жергесинин Кытай менен болгон чек арасын тактоого жана белгилөөгө чон салым кошкон. Агасы Атагелди болуштун молдосунан окуп кат таанып, өз мезгилиндеги сабаттуу адамдардан болгон. Байзак Атагелдинин өтүнүчү боюнча Египет, Букара тараптан келген кербендер менен Үрүмчү, Үч-Турпан, Кашкар, Кулжага чейин барып, кыргыздын чектери менен толук таанышып чыккан. Кийин кербендер менен эки жолу Ташкен, Кокон, Самаркан, Букарага чейин барып, шаар калкынын турмуш-тиричилигин өздөштүрүп таалим алган.
Россия-Кытай чек арасын ажыратууда Байзакты орус экспедициясы кыргыз өкүлү, эксперт катары катыштырып, анын чек араны жакшы билгенине, далилдуу талаша алганын баалап, падышага сунуш кылып, ага чин алып берген. Байзак баатыр падыша өкмөтү тарабынан атайын сый чепкен жана медаль менен сыйланган. Байзак Жалал-Абад, Нарын уезддеринин чегин ажыраткан. Казак, тажиктер менен чек ажыратууга да катышкан.
Байзак Жумгалда болуш болгон. Кара-Ойдо медресе ачтырып, бала окуттурган. Айткан сөзү төп келген, боло турган окуяны күн мурунтан биле алган олуя болгон. Байзак каза болгондо 700дөй үй тигилип, сөөгү 7-күнү коюлган. Өзүнүн керээзи боюнча ашы кошо берилген. Ашты башкарган атактуу Куйручук болгон. 1916-жылкы үркүндө Байзактын чен тонун көргөн жазалоочу отряддын полковниги, "тинтүүгө да, куч колдонууга да болбойт" деп орусча, арабча жазуусу бар темир калакчаны чон жолдун жээгине сайдырып кеткен. Натыйжада анын элине эч ким тийген эмес. Жазуучу А. Молдалиев "Байзак баатыр" деген даректуу китеп, драматург А.Чекиров "Байзак менен Куйручук" аттуу пьеса жазган.

Байзак - агартуучу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жумгал өрөөнүндө элге билим беруу иши өткөн кылымда эле башталган. Алгачкы агартуу иштери диний багытта медресе-мечиттерде жургузулген. Октябрь революциясына чейин башкаруу бийлигинин алдынкы өкүлдөрү Байзак, Мырзабек, Туркмен, Курманжан ж. б. балдарды окутуу иштерин уюштуруп келишкен. Байзактын мектеби болгон. Кыргызстанда орус-жергиликтуу мектептери 1884-жылдан ачыла баштаган. Ушундай мектеп Нарын аймагы боюнча 1-болуп Жумгал өрөөнүндө 1899-жылы ачылган. 1902-жылы бул мектепте 40, 1903-жылы 30 бала окуган. 1911-жылы Жумгал өрөөнүндө 10 бөлмөлүү, асты тактайланган жаңы ыкмадагы менчик "Курмандын мектеби" ачылып, анда 100 бала окуган. Алардын көпчүлүгү Чоң-Кеминдеги мур- дагы Шабдан медресесинин окуучулары болгон. 1917-жылдан кийин советтик мектептер Жаны-Арык, Чон-Дөбө, Байзак, Чаек айылдарында ачылган.

Байзактын келбети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байзак 1827-жылы туулган. 1914-жылы 29-сентябрда 87 жашында өлгөн. Өңү кара сурунан келген чап жаак киши болгон дешет. Бетинде бырыш болгон эмес экен. Кашы кара, суюк болгон. Анчалык коюу эмес. Көзү капкара. Тике адам бет багып карай алган эмес. Эки көзүнөн карышкырдын көзүндөй от күйүп турган, Мурду кырдач, узун мурун (же мурду учтуу болгон) оозу эрдин оозундай жалжагай болуптур. Моюну узун.
Келбети: өтө бийик эмес, өтө жапыз эмес, өтө сомкел эмес, шыңга бойлуу. Колдору узун болгондуктан, кулачы жазы болгон экен. Сакалы өтө сейрек, торой, көсөө сымал. Ээгинде он чакты гана кылы болгон.
Өзгөчө касиети: Адам көзүнө тике карай алган эмес.
Кийимдери: илбирс, карышкырдын терисинен же кара көрпөдөн ичик кийчү дешет. Тайлактын жүнүнөн жасалган тепме чепкен кийчү экен. Кара курөң суусардан же кундуздай капкара көрпөдөн тебетей кийиптир.

Эстелик[түзөтүү | булагын түзөтүү]


* Жумгал районундагы Кайырма кыштагы Байзак баатырдын ысмын алып жүрөт.
* 2003-жылы 22-июлда Чаек кыштагында "Тарыхый инсан" областтык иш чарасы өткөрүлгөн.

Ал тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]


* "Жумгал" энциклопедиясынан (Бишкек, 2002, 47-бет).
* А. Молдалиев "Байзак баатыр" деген даректуу китеп.
* А.Чекиров "Байзак менен Куйручук" аттуу пьеса.
* Эсенкул Төрөкан уулу. "Кыргыздын кыскача санжырасы", Бишкек, 1995, 94-96-беттер.
* С.Байгазиев. Байзак баатыр - кеменгер. Б.: "Бийиктик", 2003. - 248 б.