Байкал тоо кыркасы

Википедия дан
Жайгашуусу

Байкал тоо кыркасыОрусиядагы Байкал көлүнүн түндүк-батыш жээгин бойлой созулган тоо кыркасы.

Узундугу 300 км. Орточо бийиктиги 1700-2000 м, эң бийик жери 2572 м. Протерозойдун кристаллдык сланецинен, аки таш, кварцит жана гранит тоо тектеринен турат. Көл жак тик капталдарында 900-1000 м бийиктикке чейин токойлуу талаа, андан жогору ийне жалбырактуу тайга токою жана майда бадалдар өсөт. Тоонун чокуларында тундра өсүмдүктөрү өсүп, шагыл таштуу келет.

Түндүк бөлүгүндө байыркы муз доорунун издери даана байкалат.

Галерея[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.