Байкуштар (роман)

Википедия дан
Байкуштар.

"Байкуштар" (фр. Les Misérables) –– Виктор Хүгонун француз тилиндеги тарыхый романы. Биринчи жолу 1862-жылы басылып чыккан чыгарма 19-кылымдын чоң романдарынын бири болуп эсептелет. Англис тилдүү дүйнөдө роман, адатта, анын баштапкы французча аталышы менен айтылып келет (Les Misérables). Ошентсе да, бир нече альтернативдик аталыштары колдонулат. Анын ичинде The Miserables (Байкуштар), The Wretched (Бактысыздар), The Miserable Ones (Байкуш адамдар), The Poor Ones (Кедей адамдар), The Wretched Poor (Бактысыз кедейлер), The Victims (Курмандыктар) жана The Dispossessed (Кол жуугандар). 1815-жылдын башынан баяндалып, Парижде 1832-жылдагы июнь коогасында туу чокусуна жеткен роман бир нече каармандардын жашоосуна жана өз ара мамилелерине, өзгөчө мурда камалган Жан Валжандын баштан өткөргөн оор окуяларына жана анын куткаруу тажрыйбасына окурмандарды жетелейт.

Мыйзамдын жана ырайымдуулуктун табиятын изилдеген роман Франциянын тарыхын, Париждин архитектурасы менен урбанистикалык жасалгасын, саясатын, адеп-ахлак философиясын, монархияга каршы турушун, адилеттүүлүгүн, динин, романтикалык жана үй-бүлөлүк сүйүүнүн түрлөрү менен табиятын кылдат иликтеп чыгат. "Байкуштар" сахна, телеберүү, мюзикл жана анын негизиндги тасма үчүн көптөгөн ылайыкташтыруулар аркылуу популярдуу болуп кеткен.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]