Мазмунга өтүү

Карыптар (роман)

Википедия дан
Байкуштар.

Карыптар (фр. Les Misérables) –– Виктор Югонун француз тилиндеги тарыхый романы[1]. Биринчи жолу 1862-жылы басылып чыккан чыгарма 19-кылымдын чоң романдарынын бири болуп эсептелет.

Англис тилдүү дүйнөдө роман, адатта, анын баштапкы французча аталышы менен айтылып келет (Les Misérables). 1815-жылдын башынан баяндалып, Парижде 1832-жылдагы июнь коогасында туу чокусуна жеткен роман бир нече каармандардын жашоосуна жана өз ара мамилелерине, өзгөчө мурда камалган Жан Валжандын баштан өткөргөн оор окуяларына жана анын куткаруу тажрыйбасына окурмандарды жетелейт.

Мыйзамдын жана ырайымдуулуктун табиятын изилдеген роман Франциянын тарыхын, Париждин архитектурасы менен урбанистикалык жасалгасын, саясатын, адеп-ахлак философиясын, монархияга каршы турушун, адилеттүүлүгүн, динин, романтикалык жана үй-бүлөлүк сүйүүнүн түрлөрү менен табиятын кылдат иликтеп чыгат. "Карыптар" сахна, телеберүү, мюзикл жана анын негизиндги тасма үчүн көптөгөн ылайыкташтыруулар аркылуу популярдуу болуп кеткен.

Окуучулар үчүн кыскартылган варианты кыргыз тилинде Оку басма үйдөн жарык көргөн[2].

  1. AliceCarter Victor Hugo's 150-year-old tragedy continues to excite on stage and film (24 December 2012).
  2. https://okubasma.kg/kg/kitep/160555/