Виктор Гюго

Википедия дан
Виктор Мари Гюго
французча: Victor Marie Hugo
Туулган датасы:

26 -февраль 1802(1802-02-26)

Туулган жери:

Безансон

Өлгөн датасы:

22 -май 1885(1885-05-22) (83 жаш)

Өлгөн жери:

Париж

Ишмердүүлүгү:

Жазуучу (акын, прозаик жана драматург)

Виктор Мари Гюго (французча: Victor Marie Hugo; фран: [viktɔʁ maʁi yɡo] (угуу); 1802-жылы 26-февралда туулган - 1885-жылы 22-майда каза бологон) - франциялык поэт, роман жазуучу жана романтика жанрындагы драматург. Гюго эң мыкты жана эң белгилүү француз жазуучусу катары эесептелинет. Анын эң белгилүү чыгармалары "Куулгандар" (фран. Les Misérables, 1862) жана "Нотрдам де Пари" (фран. Notre-Dame de Paris, 1831). Гюго Францияда поэзиялары менен белгилүү. Мисалы: "Байкоо" (фран. Les Contemplations) жана "Жаштын легендасы" (фран. La Légende des Siècles).

Ошондой эле ал "Кромвель" (фран. Cromwell) жана "Эрнани" (фран. Hernani) пьесалары аркылуу романтикалуу чыгармалардын агымынын башын жетектеген. Анын көпчүлүк эмгектери ал тирүү кезде жана каза болгондон кийин да музыка жазууга дем-күч берген. Мисалы, "Нотрдам де Пари" жана "Куулгандар" мюзиклдары бар. Ал көзү бар кезде 4000 ашуун сүрөт тарткан жана сүрөттөрү аркылуу өлүм жазасына каршы болгондугун көрсөткөн.

Гюго жаш кезинде монархтардын тарабында болсо, он жылдан кийин көз карашы өзгөрүп, республикачылдардын колдоочусуна айланган. Анын эмгектеринин көпчүлүгү саясий жана коомдук көйгөйлөрду жана көркөм өнөр тарабын да чагылдырат. Анын сөөгу Париждеги Пантеонго коюлган. Ал калтырган мурас ар тараптан даңталып келет. Мисалы, анын сүрөтү франүуз акчасынын бетине түшүрүлгөн.

Өзүнчө өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Наполеондун геноралынын үй-бүлөсүнөн. Француз демократиялык романтизминин башчысы жана теоретиги. Алгачкы «Одалар жана ар түрдүү ырлар» (1822) жыйнагында бурбондук династияны жактаган.

Жаш чагында жазган романдары монархиялык тенденцияга үндөш чыгып, бирок жакындап келаткан Июль революциясынын (1830) шартына байланыштуу 20-жылдардын 2-жарымынан Гюгонун чыгармалыгыгынын жацы мезгили башталат, либерал-демократиялык оппозиция менен жакындашып, эпигондук классицизмге каршы чыгат.

Гюгонун Англиядагы бурж. революцияяны чагылдырган «Кромвель» (1827) драмасы демократиялык маанайдагы романтиктердин манифеста болгон.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюст. -608 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]