Байланыш спутниги

Википедия дан

Байланыш спутниги - Жердин жасалма жандоочусу. Электр-магнит талаасынын таралышы аркылуу телефондук байланышты, теле берүүлөрдү жана ар кандай маалыматтарды бүткүл дүйнөгө таратууну камсыз кылат. Электр-магнит талаасынын микротолкундар арымында (диапазонунда) аябагандай көп маалыматтарды берүүгө болот. Тилекке каршы, микротолкундарды катуу нерселер сиңирип алгандыктан, толкун бергич менен толкун кабылдагыч бири бирине түз радиобайланышта болуу мүмкүнчүлүгүн байланыш спутниги түзөт. Бир нече спутниктин (үчтөн кем эмес) жардамы менен байланышты глобалдык масштабда камсыз кылууга болот. Алгачкы байланыш спутниги 1952-ж. сигналдарды күчөтүү үчүн күн энергиясын колдонуу менен Америкадан Европага телекөрсөтүүнү жүргүзгөн. Спутник Жерди бир айланып чыкканда жердеги станциялардын антеннасы 20 мин гана «көргөндүктөн», телеберүүнүн убактысы да ошончо болгон. 1963-жылдан баштап кубаттуу ракеталар курулгандан кийин байланыш спутниги геостационардуу орбиталарга чыгарыла баштайт. Азыркы учурда жер үстүндө он миңдеген телефон байланыштарын камсыз кылуучу, радио жана телеберүүлөрдү трансляциялоочу «Молния1, -2, -3», «Интелсат-3, -4» (АКШ) сыяктуу көптөгөн байланыш спутниктери учуп жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4