Байланыш сыры

Википедия дан

Байланыш сыры – кат жазышуу, телефон сүйлөшүүлөрү, почта, телеграф жана башка байланыштар сыры. Байланыш сыры – адамдын конституциялык укуктарынын бири. Жөнөтүмдөр, телефон сүйлөшүүлөрү, телеграф жана дагы башка байланыштар, ошондой эле ошол жөнөтүмдөрдүн (байланыштардын) өзү жөнүндөгү маалыматтар жөнөтүүчү, даректелген жак же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан гана берилиши мүмкүн. Почта жөнөтүмдөрүн, документтик кат-кабарларды кармоого, кароого, ачууга, телефон сүйлөшүүлөрүн угууга, электрбайланыштары менен таанышууга, ошондой эле башка чектөөлөргө сот чечиминин негизинде гана жол берилет. Почта байланыштарынын баардык уюмдары байланыш сырынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн жобонун бузулушуна жол берген кызмат адамдары, башка адамдар, почта байланыш уюмунун кызматкерлери КР мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]