Байтик өрөөнү

Википедия дан

Байтик өрөөнү - Кыргыз Ала-Тоосу менен Бозбөлтөктүн аралыгынан орун алган. Аянты 170180 км2. Узундугу. 18-20 км, туурасы 8-12 км. Деңиз деңгээлинен. орточо. бийиктиги. 1100-1300 м. Жеринин бети түз, чыгышты карай өрөөн бир аз бийиктеп, адырларга өтөт. Өрөөн негизинен шиленди тектерден турат, чет-жакаларында неогендин кум чополуу тоо тектери жербетине чыгып жатат. Климаты мелүүн континенттик; январдын орточо. темп-расы -4,8°С, июлдуку 17,9°С. Жьлдык жаан-чачыны 520 мм. Өрөөндөн Ала-арча, Аламүдүн суулары агат. Жер астындагы суулары Бишкек шаарын камсыз кылат. Байтик өрөөнунднө ачык-күрөң топурактуу түркүн дан өсүмдүктүү жана шалбаалуу талаа ландшафты мүнөздүү. Азыр баары айдоого айланган. Байтик өрөөнундө Таш Дөбө, Стрельникова, Байтик, Кашка-Суу, Арчалы-Кыш. жайгашкан. Өрөөн аркылуу Бишкек шаарынан Ала-Арча улуттук паркына баруучу автомобиль жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4