Байчечекей

Википедия дан
Crocus longiflorus.

Байчечекей (лат. Crocus, L. 1753) — чекилдектер тукумундагы өсүмдүк уруусу. Тамыры түймөктүү, сабагы жалгыз, жалбыраксыз, бир гүлдүү – бийиктиги 5-10 см. Гүлдөрү 6 мүчөлүү, энелиги бирөө. Мөмөсү – көп уруктуу кутуча. Жалбырактары ичке, жиптей. Тамыр моюнчасынан өсөт, ороочтуу. Биздин эки түрү тоо этегинде эрте жазда, кар кете электе өсүп, гүлдөйт. Анын Кыргызстанда 2 түрү – Карольков Б., алатоо Б. кездешет. Сейрек учурайт, жоголуп бараткан түр катары Кыргызстандын Кызыл китебине жазылган. Көк жана ак түстөгү назик гүлдөрдү жаз айларында эритилген тактардан тапса болот, жана алар, албетте, кар астында калып, пайда болушкан. Баса, кар баскан жердин астында өсө баштаган жана алгачкы жылуу күндөрү гүлдөөгө даяр болгон бардык өсүмдүктөр «Байчечекейлер» деп да аталат.[1]

Галерея[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Байчеченин өзгөчөлүктөрү.
  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4