Байыркы грек идиштери

Википедия дан

Байыркы грек идиштери – антик жасалга-колдонмо көркөм искусствосунун мыкты үлгүлөрү. Байыркы грек идиштери ар кандай, негизинен, турмуш-тиричиликке ылайык милдеттерди аткарган керамикалык же металлдан жасалган (коло, күмүш, алтын) жана мрамор (лекиф) Байыркы грек идиштери өздөрүнүн пластикалык формалары жана сыпайы, кооз жасалгасы менен айырмаланат. Бийик көркөмдүктө кооздолуп сүрөт тартылган керамикалык идиштер өзгөчө кеңири белгилүү болгон. Биринчи Байыркы грек идиштери кол менен жасалган, андан соң карапа калыпка салынып жасалган, кээ бирлери штампталып, рельефтик жасалгасы болгон. Байыркы грек иидиштери формасы жана спецификалык функциялары боюнча традициялуу түрдө 4кө бөлүнөт: 1) вино сактоочу, суу менен аралаштыруучу жана муздатуучу идиштер (амфора, кратер, пелика, псиктер, стамнос); 2) сузуп алуучу жана куюучу идиштер (гидрия, киаф, ойнохоя); 3) Бир нерсе ичүү үчүн идиштер (канфар, килик, ритон, скифос) жана өзгөчө топтогу; 4) жана башка максаттарда культтук, парфюмериялык (албастр, арибалл, аскос, лебес, лекиф, лутрофор, пиксида) идиштер. Байыркы грек идишинин жасалгасы (кооздолуп жасалган жана рельефтик жасалга көбүнчө идиштин тулкусунун жогорку бөлүгү менен ийин тарабында). Ал эми тулкусу жапыз вазаларда жана өөдөнү көздөй кеңейип кеткен киликтерде жасалга түбүндө же капталдарында жайгашкан. Ваза жасоонун эң алгачкы этаптарында кооздоп жазуу идиштин жогорку жагын ээлеген, бирок классикалык мезгилде жоон жагы орнаменттен бошотулган жана жасалгаланбай калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы редактор Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4