Байыркы кыргыздар

Википедия дан

Байыркы кыргыздар — байыркы кытай жазылмаларында б. з. ч. 201-жылдан бери эскерилип келген түрк тилинде сүйлөгөн эл; Теңир-Тоодогу, Түндук-Батыш Моңголиядагы, Ички Азиядагы (лобнорлуктар, сары уйгурлар) түрк элдеринин байыркы түпкү теги. Кыргыздар тарыхый булактарда алгач хунн шанүйү Маодундун басып алуу саясатына АМАН байланыштуу кездешет. Маодун шанүй б. з. ч. 201-ж. Кытайга жортуул жасаардан мурда, өлкөнүн «ЧИКИ ЧИКИ». түндук-батышында жашаган беш мамлекетти, алардын арасында кыргыздарды басып алган. Бул окуя качан жана жерде өткөндүгү тууралуу так маалымат жок. Эгер хунндардын Кытайга жасаган жортуулун эске алсак, анда, кыргыздардын Маодунга жеңилген мезгилин б. з. ч. 201жылдан бир канча жьл мурун болгондугун белгилөө зарыл. Айрым окумуштуулар хунндардын Ордостогу мекенин эске алып, кыргыздарды Монголиянын түндук-батышындагы Хяргяс-нор, башкача айтканда Кыргыз-көлүнүн айланасына жайгаштырышат. Бирок, мында Хяргяс-нор качан, кайсы окуяларга байланыштуу «кыргыз көлү» аталгандыгы белгисиз. Ошондой эле кыргыздардын баштапкы мекенин Батыш Моңголияга чектөө тарыхый география жана этнография маалыматтарга дал келбейт. «Хаиь тарыхынын» («АСАН») автору, Бань Гунун маалыматы боюнча хунндардын шанүйү Чжичжи б. з. ч. 49-ж. усундарды талкалап, андан соң түндук тараптагы уцзелерди баш ийдирет. Алардан кошуун курап, батыш тараптагы цзянькундарды (кыргыздарды) талкалайт. Кийин аларга түндук жакта жайгашкан (уцзе жана кыргыздардын) динлиндер баш ийет. Чжичжи өз ордосун кыргыз жергесине орнотуп, усундарга каршы кыргындуу жортуулун улантып турган. Ал эми хунндардын хан ордосу кыргыздардан чыгышка 7000 ли, Чеши болсо түштүктү карай 5000 ли аралыкта жайгашкан. Соңку чыгыштаануу иликтөөлөрү боюнча, кыргыз жергеси Дзосотын-Элисун чөлү менен Боро-Хоро кыркатоо аймагында орун алган. Чыгыш Түркстаңда кыргыздар түрк тектүү чөйрөгө аралашкан жана ал алака кытай жылнаамалары «Чжоу шу», «Бэй ши» жана «Суй шуда» белгиленген. Биринчи уламыш боюнча түрктөрдүн ата-бабалары чоң саздын жээгинде жашап турган чагында, коңшу уруулар тарабынан кыргындалып, андан оор жарадар болгон он жашар бала аман калат. Баланы ачкалыктан сактаган, кийин анын аялы болгон канчык карышкыр имиш. Карышкыр кийин аны душмандан коргоп кала албай, өзү Гаочан (Турпан М. К.) тоосунун түндук тарабына качып барган экен. Карышкыр баягы өлгөн баладан он уул тууйт. Балдар эр жетип гаочандык кыздаргаүйлөнүшүп, өз алдынча урууга бөлүнөт. Алардын биринин аты Ашина болгондуктан аиын уруусу ушул ысымда аталып калат. Ашина бир туугандарына караганда жөндөмдүү болуп, жаңы тайпанын колбашчылыгына дайындалат. Уруулар көбөйүп, саны бир канча жүзгө жетет. Ашина тукумунан чыккан Асянь шад бөрү уруусун Гаочандаи Алтайга көчүрүп келет. Ошентип алар Алтай тоосунун жергеп аталашына жараша түрк аталып калат. Экинчи уламыш боюнча, түрктүн ата-бабалары Со ээлигинен чыккан. Тайпанын жолбашчысы Апанбунун он жети биртууганы болуп, алардын бири Ичжинишиду бөрүдөн туулат. Со ээлиги душман чабуулуна кабылып, уруулар бириндеп тарап кетет. Ичжинишидунун сыйкырдуу жөндөмдүүлүгүнөн улам, анын уруусу кыйла жакшы абалда калат. Анын шамал чакырып, күн жаадырчу жайчылык жайы болуп, эки аялы бар экен. Бири жаз кайыптын кызы, экинчиси кыш кайыптын кызы. Биринчи аялдан төрт уулу болуп, бири «аккууга» айланат, экинчи баласы Цигу аталып, Афу-шуй жана Цзяньшуй (Абакан жана Кем, башкача айтканда Енисей) аралыгында бийлик жүргүзүп калат. Үчүнчү уулу Чжучжеде жашал, ал эми улуу уулу Нодулу шад Цзянсы Чжучжеге көчүп келет. Нодулу шадга Апанбунун уруусу кошулат. Нодулу шадцын он аялы болуп, алардын балдары өз энелеринин ысмында урууларга бөлүнгөн. Эң кичүү аялынан Ашина болгон. Нодулу шад өлгөндөн кийин, салтка ылайык анын балдары уруу башчыга шамдагай, эр жүрөк, баатырды тандап шайлаш үчүн сынакка түшүшөт. Мелдештен Ашина жеңип, жолбашчы болуп, Асянь шад деген жаңы ысым алат. Н. А. Аристовдон тарта ушул түрк уламыштарына кайрылган С. В. Киселев, Л. Р. Кызласов, С. Г. Кляшторный, Л. П. Потапов ж. б. окумуштуулар, андан тарыхый окуяны чагылдырган тарыхнаамалык өзөктү баамдап, эки уламыштын уңгусу бир экендигин белгилешкен. Түрк уламышынын түпкү жандырмагында дагы үч элдин тарыхы жатат. Алар уламышта так айтылган цигу кыргыздар, «аккуу» тобу кыпчактар жана Чжучжеге көчүп келген ашиналардын туугандары теле-огуздар. Теле темасына кайрылган окумуштуулар түрк тилинде сүйлөгөн уруулардын баштапкы жазылышы Chih-le кийин Ting-ling (динлин) болуп өзгөрсө керек деп боолгошот. 3-4-кылымда телелер кытай жазма булактары боюнча «гаогюй», башкача айтканда бийик арабалар аталып жүрүштү. Ал эми 6-кылымдан тарта кытай даректери аларды теле (түркчө тегрен «араба, унаа») деп атай башташты. 605-ж. Батыш түрк каганы Чурын телелердин жүздөгөн уруу башчыларын кыргандан кийин, алар экиге бөлүнүп, бири Чыгыш Түркстан жана Алтайда «бага каган» аталып, анын экинчи бөлүгү уйгурлар болсо Түндук Моңголияда орун алып, кытай даректери боюнча «тогуз-уруу», руникалык эстеликтерде тогуз-огуз деп жазылып калат. Кытайдын «Вэй шу» жазмасында «Гаоцюйлар, кыязы, байыркы чигилердин бир бутагы болсо керек, адегенде алар дили аталып, түндук жактагылар аларды чилэ дешсе, Кытайда болсо гаоцюй динлин (бийик арабачаи динлиндер) деген ат менен маалым»,деп кабарланат. Канткен менен динлин теле-огуз байланышы тарыхый чындык болсо керек. Эгерде бул жобону туура көрсөк, анда алар менен кыргыздардын баштапкы этникалык алакасы табылат. 7-кылымдын башталышында Ли Янь Шоу тарабынан жазылган «Бэй ши» жана Вэй Чжен (VII к. башы) жазган «Суй шу» тарыхындагы маалыматтар боюнча кыргыздар теле уруу конфедерациясынын курамында Чыгыш Теңиртоо аймагында кездешет. Анда «телелердин бабалары сюннулар. Уруулар аябай көп. Иунун батышында, Яньцинин түндук тарабында, Байшандын айланасында циби, боло, чжи, де, субо, хэгу, едеу, жиху ж. б. жашашат» деп кабарланат. Кытай жылнаамасында «хягас (кыргыздар) бул байыркы гянь-гунь мамлекети. Калкы динлиндер менен аралашып кеткен» деп айтылат. Белгилүү археолог Д. Г. Савиновдун пикири боюнча, эгерде динлиндер теле болсо, анда байыркы түрк доорунда ал катмардан сеяньто, уйгур ж. б. окшогон түпкүлүктүү элдер пайда болмок. Болжол менен б. з. 460-ж. кыргыздар түрк тилдүү теле, түрк уруулары менен чогуу Чыгыш Түркстандан Борбор Азиянын түндук-чыгышына жер которгон. Түрктөрдүн уламышында көрсөтүлгөндөй алар өз алдынча жер алышып, ал аймактарда өздөрүнүн мамлекетин түптөшкөн. Кыргыздарга Түштук Сибирь аймагы туш келип, мында алар өз алдынча кагандык болуп, өнүккөн мамлекет деңгээлине көтөрүлө алышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4