Байыш Арапов
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жалпы маалымат | |
Аты-жөнү: Арапов Байыш | |
Туулган жылы: 1942-жылы 13-декабрь | |
Туулган жери: Баткен облусу,Самарканд айылы. | |
Жарандыгы: Кыргызстан | |
Илимий чөйрөсү: Физика, Катуу телолордун физикасы | |
Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети, Физика-техника факультети, эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасы. | Илимий даражасы :Физика-математика илимдеринин доктору, профессор |
Илимий наамы: профессор |
Арапов Байыш,(1942-жылы туулган, Ош облусу, Баткен району, Самарканд айылы) - физик, физика-математика илимдеринин доктору (1993), профессор (2000). 1964-жылы ОМПИни, 1967-жылы КМУнун аспирантурасын бүтүргөн. ОМПИде окутуучу, улук окутуучу, доцент, декан, ОшМУда профессор, кафедра башчы, ОшТУда фундаменталдык жана колдонмо илимдер боюнча илим-изилдөө институтунун директору, проректор. 2001-жылдан ОшМУда илимий иштер жана билим берүү борборунда проректор. Катуу нерселердин физикасы боюнча адис. 110дон ашык эмгеги, анын ичинен 1 монографиясы жарык көргөн. Эмгеги: Люминесценция электронных возбуждений и их распад с образованием в ионных кристаллах (в соавторстве). Б., 1999.
Диссертациялары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Исследование влияния дефектов структуры на процесс температурного тущения свечения наведенных активаторных В-, С- и Д-центров окраски в щелочно-галоидных кристаллофосфорах (1971-жыл)
- Ионные, ионно-дырочные и ионно-электронные процессы распада и Ионные, ионно-дырочные и ионно-электронные процессы распада и взаимопревращения радиационных дефектов в щелочно-галоидных кристаллах (1993-жыл)
Эмгек стажы - 53 жыл
Ээлеген кызматтары:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1967-1970 –жылдары ОшМУнун Физика-техника факультетинде Эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын окутуучусу.
- 1970-1991-жылдары ОшМУнун Физика-техника факультетинде Эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын ага окутуучусу.
- 1979-1985-жылдары ОшМУнун Физика-математика факультетинин Физика-математика факультетинин деканы.
- 1985-1996-жылдары ОшМУнун Физика-техника факультетинин Эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын доценти.
- 1997-жылы ОшМУнун Фундаменталдык жана прикладдык изилдөө институтунун Фундаменталдык жана прикладдык изилдөө институтунун директору.
- 1998-2001-жылдары Ош технологиялык университетинин кечки жана сырттан окуу боюнча проректору.
- 2001-2007-жылдары Ош мамлекеттик университетинин илимий иштери жана билим берүү боюнча проректору.
- 2008-жылдан ушул күнгө чейин ОшМУнун Физика-техника факультетинде Эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын кафедра башчысы.
Илимий кызмат тармагы:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Илимий кызыкчылыкты мүнөздөгөн негизги сөздөр: Конденсирленген абалдын физикасы, люминесценция, жегич-галоиддик кристаллдар, жарым өткөргүчтөр, иондук процесстер, дефекттер.
- Окуткан сабактардын аталышы:
- Кванттык механика, Катуу заттардын физикасы: радиациялык физика жана электрондук-иондук процесстердин физикасы, Илимий изилдөөнүн эксперименталдык методдору.
№ | Окуу жайын бүткөн жылы | Окуу жайынын расмий аталышы | Даярдоо адистиги жана багыты | Квалификация |
---|---|---|---|---|
1964-жыл | Ош МПИ | Физика жана өндүрүштүн негиздери | Физика жана өндүрүштүн негиздери боюнча физика мугалими |
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1