Бай Янь-Ху

Википедия дан

Бай Янь-Ху, Мухаммед Аньюб Бай Су (1840-82) - 1862-77-жылдагы дунган көтөрүлүшүнүн жетекчилеринин бири.

Ал "Янь-Ху" ("Тайманбас жолборс") деген ылакап атын дунган элинин Цинь династиясынын зомбулугуна каршы күрөшүнө активдүү катышкандыгы жана жетекчилик кылганы үчүн алган.

Көтөрүлүш жеңилген соң Бай Янь-Ху дунган калкынын бир бөлүгүн Россияга баштап келген. Ал адегенде Кара-Коңузда (дунганча - Иньпань, азыркы Жамбыл обл., Кордой району) турган. 1880-жылдын башында Пишпекке көчүп келип, 1882-ж. 26-июлда ошо жерде каза болгон. Бай Янь-Ху дунган элинин тарыхына улуттук баатыр, Кытайдагы Цинь зомбулугуна каршы элдешпес күрөшчү катары кирди.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.