Бакаев Анарбек Курамаевич

Википедия дан

Бакаев Анарбек Курамаевич - (27. 4. 1950, Чүй облусу, Кемин району, Актүз шаарчасы 7.1.1998, Бишкек) генерал-лейтенант (1995). Философия илимдеринин кандидаты. 1972-ж. Казак мамлекеттик университетин бүткөн. 1972-74-ж. КММИнин философия кафедрасында окутуучу, 1977-81-ж. Кыргыз ССРИАнын аспирантурасын бүтүрүп, Философия жана укук институтунда илимий кызматкер, окумуштуу-секретарь, 1981-85-ж. Кыргызстандын КП Фрунзе шааркомунда инструктор, бөлүм башчысынын орунбасары, бөлүм башчы,1985-88-ж. Кыргызстандын КП БКнын аппаратында инспектор, бөлүм башчысынын 1орунбасары, 1988-91-ж. КПСС БКнын (Москва) аппаратында эмгектенген. 1991-ж. КРнын Элге билим берүү министри, 1991-95-ж. КРнын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы, 1995-96-ж. КРнын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, 1996— 97-ж. КРнын Улуттук коопсуздук министри болуп иштеген. Данк медалы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4