Бакас Дунганов

Википедия дан

Бакас Дунганов отуз сегиз жылдан ашуун өмүрүн балдарга билим берүүгө арнады. "Жакшылыкты бир гана акыл берет, билимден урмат, атак кошо келет" демекчи убагында жогорку билимге ээ болуп, канчалаган жаш жеткинчек балдарды тарбиялап, билим дүйнөсүнө жол ачты. Кыргыз ССР эл агартуусунун отличниги, Эмгек ардагери Бакас Дунганов 1934-жылы Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Бириккен айылында туулган. 1952-жылы мектепти бүтүргөндөн кийин Кыргыз Мамлекеттик Университеттин филология факултетине тапшырып, аны 1957-жылы ийгиликтүү бүтүрүп чыккан. Эмгек жолун Ивановка (азыркы Ысык-Ата) райондук элге билим берүү бөлүмүндө мектептер боюнча инспектор болуу менен баштаган. Бир жылдык убакыттын ичинде өзүнүн жетишкендигинин натыйжасында 1958-жылдан тартып өзү окуган Бириккен сегиз жылдык мектебине директор болуп дайындалган. [Республикалык]], областтык, райондук Ардак грамоталары менен сыйланган. 1997-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасына жана стипендиясына татыктуу болгон. Агайдын эмгегин баалаган кесиптештери Бириккен орто мектебине айкелин орнотуп, эстелик бурчун уюштурушкан."Кесибинин мыкты адиси, ар бир кесиптешин түшүнө билген, жаш педагогдорго акыл-насаатын айта билген улуу устат эле",- деп эскерет кесиптеши Гулиза Кенжекараева. Райондук, айылдык кеңешке бир нече жолу депутат болуп шайланган. Аксакалдар кеңешинин мүчөсү катары ар кандай талаш-тартыш маселелерди калыстык менен чечип, айыл элинин ынтымагын сактаган кадырман адам эле. Уюткулуу үй-бүлөнүн камкор атасы жубайы Зарыл эже менен үч уул, эки кызды тарбиялап өстүрүштү. Уулдары: Алмаз мал доктур, Намаз инженер, Руслан дарыгер, кыздары: Гүлбүбү эсепчи, Бегайым эмчи айым.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Инсандар таржымалы.Б.,2007-ж.