Бакбурчун

Википедия дан

Бакбурчун (ир. Баг – кудай, фур –улуу, син - кытай) – Кытайдын кудайынын аты, б.а. кытай императору. Байыркы кытайлардын түшүнүгүндө император асмандын (башкы кудайдын) уулу саналган. Ошондуктан коңшу элдер да аны өз тилдеринде “кудайдын уулу” аташкан. Байыртан индиялыктар, орто азиялыктар кытай мамлекетин чин деген термин менен аташкан, алардан бул термин Батыш Европага тараган. Илимде чин байыркы Кытайдын Цинь (б.э.ч. 3-к.) сулесинин (династиясы) аталышына барып такалары эбак аныкталган. Адепки учурда коңшу элдерде “Цинь сулесинин адамдары” деген мааниде колдонулуп, кийин Кытай мамлекети дегенди билдирип калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас: Кыргыз элинин баатырдык эпосу. 1-китеп. –Б.: Кыргызстан, 1995