Бакванга

Википедия дан
Мбужи-Майи.
Алмаз казып (1950).

Бакванга, Мбужи-Майи - Конгодогу алмаздуу аймак; Касаи провинциясында, алмаз казып алуу боюнча дүйнөдөгү ири кендерден. 2004-ж. 980 млн кар алмаз өндүрүлгөн, калган запасы 500 млн кар. Ангола-Конго алмаздуу провинциясына кирет. Түпкү (15 кимберлит түтүгүндө) жана чачынды кендерди камтыйт. Чачынды кендер 1916-ж. ачылып, 1917-жылдан, түпкү кендер 1946-жылдан казылат. Чачынды кендер 3 типке бөлүнөт: байыркы палеоген-неогендеги карсттык (тереңдиги 10 м, узуну жүздөгөн м гe жетет, алмаздуулугу 1000 кар/г), азыркы аллювий (алмаздуу жумуру таштуу катмардын узуну 2 км гe чейин, орточо калыңдыгы 0,75 м, алмаздуулугу 4-8 кар/м3) жана делювий-карсттык (узуну жүздөгөн м, калыңдыгы 5-7 м, алмаздуулугу 1015 кар/м3). Сапаты начар; зергерлик сорту 34%, субзергерлиги 20%, калганы техникага. Көпчүлүк таштары күңүрт, боз, күрөңүрөөк түстө; кабыкчадагы алмаз жана кристаллдар басымдуу; орточо массасы 0,02-0,03 кар, ирилери 44 кар чейин.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4