Бакмалаштыруу

Википедия дан

Бакмалаштыруу — адамдын жапайы айбандарды акырындык менен колго үйүр алдыруу жана өзгөртүү процесси.

Натыйжада алар үй айбандары болуп чыгат. Табиятта жапайы айбандардын түрлөрүнүн көптүгүнө карабастан, адам анын бар болгону 60-ка жакын түрүн гана бакмалаштырган. Бакмалаштыруу болжол менен 12-25 миң жыл мурда, мезолит жана неолит доорунда башталган. Көпчүлүк окумуштуулардын пикирлери боюнча, адегенде чочко, андан кийин эчки жана кой бакмага үйрөтүлгөн. Койлордун түпкү тектери - Борбордук жана Орто Азиядагы жапайы койлор. Эчкилер безоар эчкилеринен, уй турдан, жылкы тарпан жана пржевальский жылкыларынан бакмалаштырылган. Тооктун түпкү теги - жапайы банкив тооктору. Бакмалаштыруунун айыл чарбада мааниси чоң.

Кошумча караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.