Бактериялык курал

Википедия дан

Бактериялык курал - биологиялык курал адамдарды, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү массалык түрдө дартка чалдыктыруу же өлтүрүү максатында микроорганизмдердин оору козгоочу касиетине негизделген биологиялык каражат. Бактериялык куралдын негизги жабыркатуучулары бактерия, вирус, рикетсия, козугарындар жана алардын тиричилигинен пайда болгон уулар токсиндер. Алар согуштук максатта колдонулуп, курт-кумурска, кемирүүчү, кене жана башкалардын, жардамы менен, ошондой эле суспензия, күкүм түрүндө таратылат. Бактериялык каражаттарды таратууда атайын ракета, артиллериялык снаряд, авиац. бомба жана башкаларда пайдаланылат. Аз күч жана каражат жумшап, өтө чоң аянтты жабыркатууга болот. Ал организмге өтө аз өлчөмдө киргенде эле жабыркатат (оорутат). Айрым оору козгогучтардан пайда болгон жугуштуу оорулар, белгилүү шартта оорунун бир очогунан башка жерге тарап, көптөгөн адамга жугат (эпидемия). 1925-ж. Женева протоколу жана 1972-ж. БУУ конвенциясы менен Бактериялык куралды Бактериялар: 1 Эль-Тор вибриону; 2 дизентерия таякчасы; 3 стафилококк; 4 менингококк; 5 — ииовмококк; 6 — стрептококк; 7 кептөөр таякчасы; 8 ботулизм таякчасы; 9 туберкулёз таякчасы. Бактерия куралды колдонуу адамзатка каршы эң чоң кылмыш болуп эсептелет. Ал жалпы кабыл алынган эларалык укукту орой бузгандыкка жатат. Бактерия куралды колдонуу коркунучу аскерлерди жана элди коргоо боюнча натыйжалуу чараларды даярдоону талап кылат. Аларга эпидемияга каршы санитария-гигиеналык жана дарылоо чаралары элди жана армияны инфекциядан сактануу чаралары менен тааныштыруу (эмдөө, шашылыш алдыналуу, маска тагынуу), элди атайын жабдылган жабык жерлер менен камсыздоо, тамак-ашты, сууну, өсүмдүк жана жаныбарларды коргоо кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4