Бакунизм

Википедия дан

Бакунизм - анархизмдин бир агымы, М. А. Бакуниндин ысымынан аталган.

Майда буржуазиячыл революцияны, адамдын керт башынын чексиз эркиндигин жактаган Бакунизмдин тарапкерлери жеке менчикти жоюу менен бирге мамлекетти жок кылууну, майда общиналардын толук өз алдынчалыгын жана алардын эркин федерацияга биригишин талап кылышкан. Алар Социалисттик революция жөнүндөгү маркстик илимге каршы чыгышып, жумушчу табынын күрөшүнүн бардык формаларын, өз алдынча жумушчу партияларын түзүү зарылдыгын танышкан. Өз идеяларын жүзөгө ашыруу үчүн жашырын уюмдарды уюштуруп, алар аркылуу жумушчу кыймылына жетекчилик кылмакчы, массанын стихиялык буттарын башкармакчы болушкан. 1-Интернационалдан ырк бузар иштери үчүн чыгарылган. 19-кылымдын аягында Бакунизм масса менен байланышы жок, жарамсыз бир секта болуп калган. Бирок Бакунизм анархисттик же анархизмге жакын ар кандай айымдардын (анархо-синдикализм ж. б. ) пайда болушуна таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.