Бала салуу

Википедия дан

Бала салуу, аборт - бооз малдын өлүү туушу же түйүлдүктүн жатында куурашы. Бала салуу толук (түйүлдүк жатында өспөй өлөт), толук эмес (бир же бир нече түйүлдүк өспөй калып, калгандары нормалдуу туулат), байкалбаган (өспөй калган түйүлдүк жатындан түшпөй тону менен кошо өсүп, билинбей кетет) болуп айырмаланат. Түйүлдүк өлгөндөн 2-3 суткадан кийин түшөт, кээде түшпөй, жатында калып чирип (эмфизематоздуу түйүлдүк), бооз мал көбүнчө өлүмгө учурайт. Жугушсуз жана жугуштуу (инфекциялуу жана инвазиялуу) ылаңдан да Бала салуу болот. Жугушсуз ылаңдын кесепетинен (бооз малдын жүрөк, боор, бөйрөк, өпкө ылаңы) жана чириген сапатсыз тоюттан, ошондой эле ичин катуу уруп алуу, жыгылуу, оор жумушка чегүү, үркүү, жугуштуу ылад менен (паратиф, бруцеллёз, вибриоз, трихомоноз, сальмонеллёз, сибирь жарасы, шарп, туберкулёз) ылаңдаганда да болот. Айрым малдын жатынынын өсүп жетилбей калышы ж. б. себептерден да болуп, өнөкөт Бала салуу деп аталат. Мындай мал өзүнчө бөлүнүп, мурда турган жери дезинфекцияланат, Бала салуунун себеби изилденет. Өлүү түшкөн козу, кулун, музоо ж. б. ветеринариялык лабор-да изилденет; тоюттун сапаты текшерилет ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4